АЙДАРКЕН СЫМАП КЕНИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:51, 27 Сентябрь (Аяк оона) 2023 карата Adina (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЙДАРКЕН СЫМАП КЕНИ – Баткен облусунун Кадамжай районунда. Пүлгөн кыштагынан түштүк-ба­тыш тарапта, Эшме тоосунун түштүк капталын­да. Кен археологиялык маалыматтар боюнча элге 10–11-­кылымдардан белгилүү деп божомолдонот. Кен жөнүндө ал­гачкы геологилялык маалымат 1926‑жылы берилген. Геологиялык чалгындоо жумуштары 1928‑жылдан үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө. Натыйжада Айдаркен кен талаасынан 20дан ашык бөлүк табылган. Кен айма­гын силур, девон жана карбон мезгилдеринде пайда болгон кумдук, сланец, акиташ тектери, юра, бор мезгилдеринин чопо, кумдук, конгломерат­тары түзөт. Алар татаал бүктөлүүлөргө дуушарланып, тектоникалык жаракалар менен тилмеленген. Бул структуралык түзүлүштөр диабаз‑порфирит жана сплит дайкаларынын жиреп чыгышына шарт түзгөн. Тоо тектер гидротерм эриндилеринен өзгөрүүлөргө учураган. Сланец менен акиташ тек­теринин кошулган жерлеринде сымап, сурьма, флюорит, мышьяк кенташтары (рудалары) топтолгон кабат түрүндөгү жаспероиддер пайда болгон. Кендин курамында 70тен ашык минерал кездешет. Негизгилери: киноварь, метацинно­барит, сфалерит, галенит, антимонит, арсено пирит, аурипигмент, ковеллин, флюорит, пирит ж. б. Кендин өнөр жайлык мааниси чоң, ал дүйнөдөгү ири кендерден. Көп жылдан бери казылып алынууда. Анын базасында «Айдаркен сымап комбинат» Акционердик коому иштеп жатат. Сымап­тын орточо өлчөмү 0,165%. Кенташтын Сг2 категориясы боюнча запасы 12714 миң т. Сымап­тын запасы 20936 т, сурьманыкы 113 миң т, флюориттики 1143 миң т.