АЙГЫР-ЖАЛ КӨРҮСТӨНҮ
Jump to navigation
Jump to search
АЙГЫР-ЖАЛ КӨРҮСТӨНҮ – б. з. 1–5‑кылымдарында Теңир‑Тоо аймагында жашаган көчмөн урууларга таандык археологиялык эстелик. Нарын шаарынын батыш тарабында (7 км) жайгашкан. Бийиктиги 0,3— 0,8 м, диаметри 12 м чейин келген 100гө жакын дөбө‑мүрзөлөрдөн турат. Көрүстөндө адамдар жалгыз, кээде түгөйү менен казанактуу жана жарма көрлөргө башы кыбыланы каратып коюлган. Көрүстөндөн карапа, жыгач идиштер, бычак, жебенин учу ж. б. табылган. Байыркы түрк дооруна таандык жоокердин ээр‑токумдуу аты менен кошо көмүлгөн көрүстөндөр да кездешкен. 1954‑жылы А. К. Кибиров тарабынан изилденген. Бүгүнкү күндө эстелик толук сакталган эмес.
К. Табалдиев.