АЗОТ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
12:04, 26 Сентябрь (Аяк оона) 2023 карата Adina (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЗОТ (Nitrogenium), N – элементтердин мез­гилдик системасынын V тобунан орун алган химиялык элемент. Ат. н. 7, ат. с. 14,0067. Кадимки шартта түссүз, жытсыз жана даамсыз газ. Абадан бир аз жеңил, эрүү t 209,86°С, кайноо 1195,3°С, тыгыздыгы 1,2506 кг/м3.1772‑ж. Д. Резерфорд ачкан. Жаратылышта эркин жана ко­шулма түрүндө кездешет. Жер кыртышынын 0,04%ын түзөт. Эркин Азот абанын 78,16% ку­рамын ээлейт. Жаратылышта чили селитрасы түрүндө таралган. Жаныбар белогунун 16­-17%ин түзөт. Таза Aзотто жаныбарлар жашай албайт. Бирок ал тиричилик үчүн эң керек элемент. Кычкылтекке караганда сууда аз эрийт, күйүүгө жардам бербейт. Көмүртек, суутек жана кычкылтек менен кошулуп, белок заттарын пайда кылат. Жаратылышта эки изотобу 14N (99,635%) жана 15N (0,365 %) бар. Анын моле­куласы бири‑бири менен коваленттик үч байла­ныш аркылуу бириккен 2 атомдон турат. Ошон­дуктан молекуласы химиялык жактан туруктуу, жогорку температурада гана металлдар менен нитриддер­ди, кычкылтек менен азот окистерин (NO, N02, N20, N2Os, N2Os), суутек менен катализатордун ка­тышуусунда NH3тү пайда кылат. Галогендер менен реакцияга түздөн‑түз кирбейт. Азот лабораторияларда аммоний нитритин жогорку температурада ысытуу­дан NH4N02=N2+2H20, өнөр жайда суюк абаны буулантып айдоо жолу менен алынат. Негизинен аммиакты синтездөөдө, азот кислотасын, жер се­мирткичтерди, жарылгыч заттарды алууда кол­донулат. Эркин Азот химиялык жана металлургиялык процесстерде инерттүү чөйрө түзүүдө, термометр­лердин боштук аралыгын толтуруу жана төмөн­кү температуpa алууда пайдаланылат.