АЖЫ БИЙ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
12:10, 25 Сентябрь (Аяк оона) 2023 карата Adina (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЖЫ БИЙ Тилеке бий уулу (туулган жана өлгөн жылы белгисиз) – 18‑кылымдын 2‑жарымындагы кыргыз элинин саясий ишмери; Алай‑Фергана ай­магындагы саясий окуяларга жигердүү катыш­кан кыргыз төбөлдөрүнүн бири. Адыгине уруу­сунун баргы уругунан. Кытай тарыхый булак­тарында 1759‑жылы июнь айында Ажы бий баш болгон төрт кыргыз бийи Кокон шаарын бийлеген Эр­дене бий менен тышкы душмандарга каршы бирге болууга багытталган келишим түзгөндүгү жөнүндө айтылат. 1759‑жылы сентябрь айында Ажы бийдин конушуна Кытай императо­рунун элчиси Доктан ке­лип, ага Кытай империя­сы менен саясий‑дипломатиялык жана соода‑сатык келишим тү­зүү жөнүндө чакырык‑суну­шун, кытай мөөрүн тап­шырган. Ошол эле жыл­дын аягында Ажы бий өзүнүн элчиси Сары Күчүктү Кашкардагы Кытай империясынын башкаруучусу Чжао Хойго жиберген.

АЖЫ БИЙ10.png

1760‑жылы Эрдене бий Алай­да тонолгон Кокон көпөстөрүнүн ишин шылтоо­лоп Ош, Өзгөн шаарларына чейин жортуул жасаган. Ажы бий жооп иретинде 1761‑жылы Коконго жортуул жасап, ал ийгиликсиз аяктаган соң, кайра Алай тарапка чегинген. Кытайга элчи жиберип, Кокон бийин тартипке чакыруусун өтүнгөн. Ошол эле учурда Кыргызстандын түндүгүндөгү кыргыздар­дын кол башчысы Маматкул бийден Эрдене бийге каршы колдоо сурап, өзүнүн тууганы Ар­зыматты жиберген. Маматкул бий жардам кы­луу ниетинде бугу уруусунун кол башчысы, че­рик жана саяк уруусунун бийи Темиржандын жи­гиттерин жортуулга даярдаган. Бирок, саясий кырдаал татаалдашып, Кытай аскери Түркстан тарапка баскынчылык чабуулга өтөт экен деген имиш тараган. Бул аймактагы кыргыздар биримдикке келе башташкандыктан, Эрдене бий Ош жана Өзгөндөн өз ыктыяры менен чыгып кет­кен. 1764‑жылы жазында Эрдене бийдин Оро‑Тө­бөдөгү чатактарга алагды болгонунан пайдала­нып, Ажы бий Коконго кайрадан жортуул уюштур­ган. Жортуул ийгиликсиз аяктап, кармашта жа­раат алган Ажы бий Эрдене бийге туткунга түшкөн, бир маалымат боюнча коё берилген, экинчиси боюнча даргага асылган.

Д. Сапаралиев, сүрөтчүсү Р. Исаков.