АЛА-АРЧА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:10, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АЛА-АРЧА ‒ Аламүдүн районундагы суу, Чүй дарыясынын сол куймасы. Узундугу 78 км, алабынын аянты 270 км2. Кыргыз Ала-Тоосунун түндүк капталындагы мөӊгүлөрдөн башталат. Жогорку агымы кууш капчыгай аркылуу агат да, Кашка-Суу кошулган жерден Байтик өрөөнүнө чыгат. Ала-Арча суусу Чоӊ-Арык кыштагынан кийин Бишкек шаарын аралай түндүк тарапка агат. Ири куймалары: Ак-Сай, Теке-Төр, Топ-Карагай, Туюк-Суу, Жинди-Суу, Адыгине, Кашка-Суу ж. б. Алабында 5 көл, жалпы аянты 53,6 км2 келген 33 мөӊгү бар. Майда кирип, сентябрдын аягында тартылат. Жылдык орточо чыгымы 4,17 м3/сек, байкалган эӊ көп чыгымы ‒ 50 м3/сек, эӊ азы ‒ 0,81 м3/сек. Төмөнкү агымында Ала-Арча суу сактагычы курулган. Сугатка пайдалангандыктан Чүй дарыясына жетпейт. Боюнда Кашка-Суу, Таш-Дөбө, Байтик, Чоӊ-Арык, Орто-Сай, Маевка кыштактары жайгашкан. Алабында Ала-Арча улуттук табият паркы жайгашкан.