АККА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
12:01, 18 Сентябрь (Аяк оона) 2023 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АККА (Акра) – Израилдеги шаар. Жер Ортолук деңиздин жээгинде, Хайфа шаарынан түндүктө жайгашкан. Калкы 45,5 миң (2005). Байыртадан белгилүү. Б. з. ч. 15-кылымдагы булактарда эскерилет. Шаар б. з. ч. 8–4-кылымдарда Тиругага таандык болсо б. з. ч. 3-кылымда Птоломейге баш ийип, Птолемаида аталган. Б. з. ч. 2-кылымда 1-кылымдын башталышында селевкилердин бийлигинин астында болгон. Б. з. ч. 63-жылы Рим мамлекетинин курамына (Клавдия Феликс ээлиги) кирген. 638-жылы араб аскерлеринин көзөмөлүнө өткөн. 1107–87- жана 1191–1291-жылдарда крестүүлөрдүн маанилүү таянычы (Сен-Жак-д Арк). 1516–1918-жылдары Осмон империясынын курамында, 1799-жылы англиялык флоттун колдоосу менен Наполеон Бонапарттын армиясына туруштук берген. Эски шаар калың дубалдары менен (учурдагы көрүнүшү 18-кылым) курчалган. Төрт мунарасы бар. Акканын борбордук бөлүгүндө кумпалуу Ахмаед-паша аль-Жезара мечити минареттери менен (1781) жайгашкан. Ионит-рыцарларынын жер астындагы тургун жайларынын урандылары (1191–1291) 1955–66-жылдардагы казуудан табылган. Аль-Пашанын хамамы мончонун имаратынын ичинен, муниципиалдык музей (археологиялык коллекциялары менен) балыкчылар гаванынын аймагында 3 кербен-сарай (хана); аль-Фаранж (1660-ж. чен), аль-Умдан жана аш-Шуна, францикан кечилканасы, аль-Муалек жана Синан-Паша мечити сакталган. Эски шаар Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине киргизилген. Металл иштетүү, карапа жана пластмасса өндүрүш ишканалары иштейт. Туризм өнүккөн.