АК ӨГҮЗ МӨҢГҮСҮ
Jump to navigation
Jump to search
АК-ӨГҮЗ МӨҢГҮСҮ – Борбордук Теңир‑Тоодогу өрөөн тибиндеги мөңгү. Какшаал кырка тоосунун түндүк капталынан башталган Жаңгарт суусунун алабында жайгашкан. Узундугу 7,4 км, аянты 20,1 км2. Мөңгүнүн башы деңиз деңгээлинен 5148 м, этеги 3730 м бийиктикте жатат. Мөңгү аркылуу аты уйкаш ашуу өтөт. Этеги 1943–62‑жылдары 500 мге чегинген. Мөңгүдөн агып чыккан суу Жаңгарт суусуна оң жактан куят.