АДЫЛОВ Султан

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:21, 25 Сентябрь (Аяк оона) 2023 карата Adina (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АДЫЛОВ Султан (1934-жылы туулган, Ысык-Көл облусу , Жети-Өгүз району, Желе‑Дөбө кыштагы) – химик, химия илимдеринин кандидаты (1964), проф. (1991). КРдин илим жанa техника боюнча мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (2000). Москвадагы Д. И. Менделеев атындагы МХТИни (1957), СССР ИАнын Топчиев атындагы нефть‑химиялык синтез институтунун аспирантурасын (1963) бүтүргөн. ФПИде улук мугалим, доцент, 1969-жылдан КМУнун органикалык химия кафедрасынын башчысы болгон. Илимий багыты бирикмелерди синтездөө жанa изилдөөгө арналган. 80ден ашык илимий эмгектери, анын ичинде монографиясы, 9 окуу китеби жанa окуу куралдары бар. Ж. Баласагын атындагы сыйлыкка татыктуу болгон (1998).

Эмг.: Сульфидообразование в условиях электро эрозии металлов (соавторстве). Фр., 1989; Органикалык химия (авторлош). Б., 1991; Органикалык бирикмелерди кычкылдандыруу жанa калыбына келтирүүр реакциялары. Б., 1991;. Органикалык химия (авторлош). Б., 1997; Органикалык химия курсу (авторлош). Б., 2003.