АДРОНДОР
Jump to navigation
Jump to search
АДРОНДОР (гр. h a d г о s – чоң, күчтүү) – ядролук өз ара аракеттенишүүгө катышуучу элементардык бөлукчөлөрдун тобу. Бул термин 1967‑жылы Л. Б. Окун тарабынан киргизилген. Адрондорго бардык бариондор (нуклондор – протон, нейтрон) жана мезондор кирет. Эркин абалда бардык Адрондор (протондон башкасы) туруксуз, жашоо убактысы өтө кыска.