АК-ТӨӨ МӨҢГҮСҮ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
08:55, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АК-ТӨӨ МӨҢГҮСҮ ‒ Кичи Алай кырка тоосунун түндүк капталындагы өрөөн тибиндеги мөӊгү. Кыргыз-Ата суусунун сол куймасы ‒ Чили-Сайдын алабында жайгашкан. Узундугу 6,0 км, аянты 3,5 км2, көлөмү 0,24 км3. Мөӊгүнүн башы деӊиз деӊгээлинен 4900 м, этеги 3850 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийиктиги 4250 м. Абляциясынын аянты 1,8 км2. Мөӊгү тартылууда. Андан Ак-Төө суусу башталып, Кыргыз-Ата суусунун сол куймасы Чили-Сайга оӊ жактан куят.