АДМИНИСТРАЦИЯЛЫК УКУК
АДМИНИСТРАЦИЯЛЫК УКУК – укуктун мамлекеттик башкаруу чөйрөсүндөгү мамилелерди жөнгө салуучу тармагы жанa аткаруу бийлигинде колдонула турган атайын эреже‑нормалар. Булар бийлик органдарынын, мамлекеттик кызматкерлердин иштерин белгилейт. Юридикалык мааниси боюнча Администрациялык укук төмөндөгүлөргө бөлүнөт: а) атайын мамлекеттик ишти аткарууга милдеттендирүү, мисалы, КРдин жарандык мыйзамдарына ылайык салык жанa жыйым төлөөгө милдеттүү; б) тыюу салуу – бийлик көрсөтмөсү боюнча тыюу салуу, мисалы, администрациялык укукту бузганы үчүн жаза; в) ыйгарым укук берилген бийлик – өз ыктыяры менен нормадагы белгиленген чекте башкаруу.
С. Алымкулов.
АДМИНИСТРАЦИЯЛЫК УКУК БУЗУУЛАР – КРдин мыйзамдары менен администрациялык жоопкерчилик белгиленген аракеттердин же аракетсиздиктин жеке адам же юридикалык жак тарабынан укукка каршы атайылап жасалган күнөөлүү аракеттер же аракетсиздиктер (атайылап же байкабастыктан). Администрациялык укук бузууларга мисалы, коомдук тартипти, жолдо жүрүүнүн, санитариялык, өрткө каршы, бажы, салык эрежелерин, электр же жылуулук энергиясын ысырап пайдалануу, жер мыйзамдарын, тарых жанa маданият эстеликтерин коргоонун, пайдалануунун эрежелерин бузуу ж. б. кирет. Администрациялык укук бузууларды атайылап жасаганга аны бузган жак өзүнүн аракетинин же аракетсиздигинин укукка каршы экендигин, зыяндуу залал болорун билип туруп ишке ашыруусу же ага жол берүүсү кирет. Эгерде администрациялык укуктарды бузган жак өз аракетинин же аракетсиздигинин аркасында зыяндуу болорун билип туруп, бирок жеңил ойлуулук менен аны болтурбаймын деп ойлосо же мындай залалдын болорун билбей калып жасаса, анда Администрациялык укук бузуулар байкабастыктан жасалган деп эсептелет.
К. Эсенканов.