АК-СУУ ЧОПО КЕНИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:55, 14 Сентябрь (Аяк оона) 2023 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АК-СУУ ЧОПО КЕНИ Чүй өрөөнүндө, Сокулук районунда, Ак-Суу темир жол бекетинен 1 км түштүк-батышта, Ак-Суу сайынын кашат тектеринде. 1957-жылы табылган. 1959‒60-жылдарда геологиялык чалгындоо жумуштары жүргүзүлүп, запасы эсептелген. Кен аймагында антропоген мезгилинин борпоӊ чөкмө тектери жайгашкан. Чопо күрөӊ, кызгылт күрөӊ түстө, майда күл ботодон турат. Кумдуу шагылдын үстүндө жайгашып, калыӊдыгы 1,6‒8,5 мге чейин. Арасында карбонат тарамчалары, бүртүкчөлөрү бар. Айрым жеринде калыӊдыгы 0,1‒0,7 мге чейинки кумайлуу чопо, кумдук жана шагылдар учурайт. Гранулометриялык курамы: 0,005‒0,05 мм ‒ 76,92%, 0,05‒0,5 мм ‒ 21,54%, 0,5‒2,0 мм ‒ 0,98%, 2,0 ммден жогоркусу 0,49%ке чейин. Баланстык запасы 418500 м3. Чоподон Ак-Суу кирпич заводунда «100», «150» маркадагы кирпич жана черепица жасалат.