АДЕНОИДДЕР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
08:26, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АДЕНОИДДЕР (гр. aden – без, eidos – түрү) – мурун‑кулкун безинин өтө чоңоюп кетиши. Не­гизинен жаш балдар жабыркайт, ошондой эле жыныс­тык жетилүү мезгилинен кийин да пайда бо­лушу мүмкүн. Аденоиддерге жугуштуу оорулар (кызамык, көк жөтөл, кептөөр, скарлатина, грипп ж. б.) жана жогорку дем алуу жолунун катуу карма­ган жана өнөкөт сезгенүүлөрү себеп болот. Алгач­кы белгилери: мурун менен дем алуу начарлайт, мурундан суюктук көп чыгып, кулкунга агат. Мындай бала демейде коңурук тартып, оозун ачып, тынчы жок уктайт. Эмчектеги бала эм­чек эме албай, курсагы тойбой, ыйлаак, алсыз, оорукчан болот. Кээде, айрыкча мурун бүтүп калган учурда баланын кулагы начар угуп, сабы­ры суз болуп, акыл‑эси начарлайт. Кичине ке­зинде Аденоиддер менен жабыркаган бала көпкө чейин сүйлөй албайт. Оору күчөгөндө бала оозу менен дем алгандыктан, дайыма оозу ачылып турат, астыңкы жаагы ылдый түшүп, тиштери туура эмес жайгашып, беттин кебетеси өзгөрөт. Дары­лоо канчалык эрте башталса, ошончолук на­тыйжалуу. Көп учурда хирургиялык жол менен дары­ланат. Аденоиддерди алдын алуу үчүн дем алуу жолунун ооруларын өз убагында дарылап, мурун менен дем алуу кыйындаса баланы врач отоларингологго көрсөтүү керек.