АК-МОЛО ОБЛУСУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
13:29, 14 Сентябрь (Аяк оона) 2023 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АК-МОЛО ОБЛУСУ Ц е л и н о г р а д о б л у с у (1961–92‑жылдар) Казакстан Республикасынын түндүгүндө.1939-жылы уюшулган. Аянты 146,2 миң км2. Кал­кы 736,6 миң (2015). Облуста 14 администрациялык район, 8 шаар, 12 шаарча бар. Борбору – Астана (Кок­шетау) ш. Аймагынын басымдуу бөлүгүн Казак Сары‑Аркасынын (бийиктиги 899 мге чейин) түндүк-­батышы ээлейт. Экономикасынын негизин дан чарбасы (негизинен буудай) жана эт‑сүт багытын­дагы мал чарбасы түзөт. Айыл чарбасынын маанилүү тар­магы – кайрак дан эгин эгүү дыйканчылыгы. Кой, эчки, уй, жылкы асыралат. Балык карма­лат. Энергетикасы Караганды жана Экибастуз көмүр бассейндерине негизделип, 2 ЖЭС (жы­луулук электр станциясы) иштейт. Кара метал­лургия, тоо‑кен, химиялык, машина куруу, тамак‑аш, жеңил, курулуш материалдары, фарфор‑фаянс, карапа өнөр жай тармактары бар. Негизги өнөр жай борборлору: Астана, Макинск, Ат-Басар, Алексеевка.