АК-ЖОЛ - Аксы районундагы кыштак.

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АК-ЖОЛ К и ч и А к ‑ Ж о л – Жалал‑Абад облусунун Аксы районундагы кыштак. Ак‑Жол айыл аймагынын борбору. Райондун борбору Кербен шаарынан 70 км чыгыш тарапта. Таш‑Көмүр темир жол бекетинен 40 км. Деңиз деңгээлинен 820 м бийиктикте жайгашкан. Калкы 2082 (2009); не­гизинен дыйканчылыкта, мал чарбасында, то­койчулукта эмгектенет. Орто мектеп, бала бак­ча, клуб, китепкана, айылдык амбулатория бар.