АЙСБЕРГ
Jump to navigation
Jump to search
АЙСБЕРГ (англисче iceberg, голландча Ijsberg; ise, ijs муз, berg – too) – океан менен деңиздерде калкып жүргөн же алардын тайыз жеринде токтоп калган муз тоо. Ал материк муздарынын четтеринен омурулуп бөлүнүшүнөн пайда болот. Көлөмүнүн 83–90%и суу астында; суу үстүндөгү бөлүгүнүн орточо бийиктиги 5 мден жогору, Арктикада 10 м, Антарктидада 100 м. Узуну жанa туурасы бир нече кмге жетет (к. сүрөт). Ири айсбергдер Антарктика, Канадалык
Арктика архипелагдарында жана Гренландияда көп пайда болот. Айсберг деңиз катнашуусу үчүн опурталдуу (мисалы, 1912‑ж. «Титаник» жана 1959‑ж. «Хедтофт» кемелери айсберг менен болгон кагылышуу). Түндүк Атлантикада айсбергге байкоо жүргүзүү боюнча «Муздагы күзөт» кызматы иштейт.