АВСТРАЛИЯ ЧОӉ БУЛУӉУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
08:13, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АВСТРАЛИЯ ЧОҢ БУЛУҢУ Инди океанында, Австралия менен Тасмания аралдарынын түштүк жээгинде. Аянты 1335 миӊ км2. Тереӊдиги 5670 мге чейин. Чыгыш бөлүгүндө Спенсер жана Сент-Винсент булуӊдары кургактыкка тереӊ кирип турат. Ири аралы ‒ Кенгуру. Деӊиз ташкыны (бийиктиги 3,6 мге чейин) болот. Ири порту ‒ Аделаида.