АЖЫДААР ЧОПО КЕНИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:38, 4 Сентябрь (Аяк оона) 2023 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЖЫДААР ЧОПО КЕНИ Чүй облусунун Ысык-­Ата районунда, Ивановка айылынан 28 км түш­түктө, Кыргыз Ала‑Тоосунун түндүк этегинде, деңиз деңгээлинен 1079–1200 м бийиктикте. 1969‑жылы та­былып, 1973- жана 1987‑жылдарда геологиялык чалгындоо иш­тери жүргүзүлүп, запасы эсептелген. Кен айма­гын антропоген мезгилинде пайда болгон бор­поң тектер түзөт. Пайдалуу чопо катмары про­лювий‑аллювий чөгүндүлөрүнөн пайда болуп, кум‑шагылдын үстүндө жатат. Катмардын узундугу бир нече кмге созулуп, калыңдыгы 7–20 м. Сар­гыч боз түстө. Арасында бирин‑серин гипс кези­гет. Гранулометриялык курамы: 0,005 мм – 31,99–44,73%; 0,01–0,005 мм – 7,33–19,29%; 0,5–0,01 мм – 42,32–54,36%; суу сиңиримдүү­лүгү 18%. Чоподон Ивановка курулуш мате­риалдар комбинаты «75», «100» маркасындагы кирпич жасайт. Запасы В категориясы боюнча 815 миң м3, C1‑1687 миң м3, B+C1‑2502 миң м3. 1996‑жылга карата калган запасы В категориясы боюнча 354 миң м3,C1–1671 миң м3, В+С1 – 2025 миң м3.