АЖАЛ ӨРӨӨНҮ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:41, 4 Сентябрь (Аяк оона) 2023 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЖАЛ ӨРӨӨНҮ (Death Valley) – Чоң бассейн­дин түштүк бөлүгүндө жайгашкан тоо аралык ой­дуң. Мохаве чөлүндө (АКШ). Узундугу 250 кмдей. Түндүк Американын эң чуңкур (деңиз деңгээлинен 86 м төмөн жайгашкан) жери, суусуз ойдуң. Батыш жарым шардагы эң ысык жер; анда абанын температурасы 56,7°Сге чейин ысыйт. 1849‑жылы алтын издөөчүлөр тобу суудан өксүп каза табышынан улам ушундайча аталган.