АВСТРАЛИЯ МЕРИНОСУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
08:13, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АВСТРАЛИЯ МЕРИНОСУ ‒ уяӊ жүндүү кой породасы. 18-кылымда Англия, Испания жана Германиядан алып келинген меринос койдон Австралияда чыгарылган. Кийинчерээк алар франция рамбульеси жана америка вермонттору менен аргындаштырылып, дене түзүлүшү, жүнүнүн сапаты боюнча бири-биринен айырмаланган бир нече типтеги уяӊ жүндүү койлор

АВСТРАЛИЯ МЕРИНОСУ38.png

чыгарылган. Файн тибиндеги кой саксон мериносунан жакшыртылып алынган. Анча чоӊ эмес, жумшак жүндүү. Кочкорунун салмагы 70 кг, соолугу 35‒40 кг, жүнүнүн ичкелиги 70-сапатта. Мелүүн климаттуу жерлерде багылат. Кочкорунан 9‒10 кг (кээде 20 кгга чейин), соолугунан 4‒5 кг (айрымдарынан 10 кг) жүн кыркылат. Уяӊ жүндүү кыргыз коюнун асыл тукумун жакшыртуу максатында кочкорлору Кыргызстанга алынып келинген.