АГРЕССИВДҮҮ СУУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
08:21, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АГРЕССИВДҮҮ СУУ ‒ металл, бетон ж. б. материалдарга химиялык терс таасирин тийгизүүчү жер астындагы суу. Курамында ар түркүн аммоний туздарын, туз, күкүрт ж. б. кислоталарды камтыйт, өзгөчө агрессивдүүлүккө ээ. Мындай суулардын курамындагы туздардын химиялык таасиринен бетондун сапаты начарлап, акырындык менен бузулат. Агрессивдүү суу жер бетинен 0,2 мден төмөнкү ар кандай тереӊдикте болот. Алар жалпы кислоталуу, сульфаттуу, магнезиялуу жана көмүр кислоталуу болуп бөлүнөт. Суунун агрессивдүүлүгү анын химиялык курамына атайын инструкциянын талаптарына салыштыруу менен аныкталат. Ошондуктан жер бетинен кандайдыр бир тереӊдикте жайгашуучу имараттардын фундаменттерин, гидротехникалык курулуштар менен коммуникацияларды, суу түтүктөрүн ж. б-ды курууда ошол тереӊдиктен учураган суунун агрессивдүүлүгүн аныктап, ага каршы алдын ала тийиштүү чараларды көрүү талап кылынат. Ошондой эле химиялык жер семирткичтер колдонулган талаалар аркылуу аккан азоттун жана күкүрттүн бирикмелери менен каныккан атмосфералык нымды (кислоталуу жаан-чачын) сиӊирген суу да агрессивдүүлүккө ээ. Өтө Агрессивдүү суулар организмдердин тиричилигине коркунуч туудурат.