АГРА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:04, 15 Сентябрь (Аяк оона) 2023 карата Adina (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АГРА (санскритче Арья Грах ‒ «арьялар шаары») ‒ Индиянын түндүгүндөгү шаар. Уттар-Прадеш штатында. Калкы 1,8 млн (2011). Жамна дарыясынын боюнда, Дели шаарынан 200 км түштүк-чыгышта. Жолдор тоому. 15‒16-кылымдарда негизделген. 1504-жылдан Дели султандыгынын резиденцияларынын бири болгон. 1526-жылы Бабур басып алып, Улуу Моголдор мамлекетинин (Дели менен кошо) борбору атаган. Агра ‒ Улуу Могол архитектура стилинин башкы борбору. Архитектуралык эстеликтери: «Агра-форт» («Кызыл форт», 16-кылым), Бермет мечит, (17-кылым), Таж-Махал мавзолейи (Бүткүл Дүйнөлүк мурастын тизмесине кирген). Зоология академиясы (1954-жылы негизделген), университет (1927-жылдан), булгаары-бут кийим, текстиль, тамак-аш, айнек, электр-техникалык өнөр жай ишканалары бар. 16-кылымдан килем токуу, ташты оймо-чиймелеп кооздоо, инкрустация, зергерчилик өнүккөн.

                                                                                                                    Р. Карачалова.