АГАРТУУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
08:20, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АГАРТУУ ‒ калктын сабатсыздыгын жоюу, билим берүү, маданий-рухий жактан маалымат деӊгээлин жогорулатуу. Мындай агартуу иштери калктын калыӊ катмарын камтыйт да, мектептерди, маданий мекемелерди куруу менен бекемделет. Агартуу иши Кыргызстанда 1917-жылы Октябрь революциясынан мурда диний жана туземдик мектептерде жүргүзүлүп келсе, кийин «боз үй», «кызыл үй» жана «ликбез» мектептери, атайын курстар аркылуу улантылган. 1930-жылдан кийин агартуу илимий негизде уюштурулуп, кеӊири кулач жайган. Анын ишин өркүндөтүүдө маданият мекемелери: клуб, китепкана, музей ж. б. чоӊ роль ойнойт. Алар элди рухий жактан азыктандырууга, замандын рухунда тарбиялоого жардам берет. Өлкөдөгү билим берүүнүн жергиликтүү жана республикалык бардык тармактары калкка билим берүү жана илимдин улам жаӊы жетишкендигин жайылтуу кызматын аткарат. Айрыкча, адабият жана искусство тармагынын агартуучулук ролу өтө зор.

И. Бекбоев.