АГАНОЗЕРО КЕНИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:07, 16 Август (Баш оона) 2023 карата Begay (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АГАНАОЗЕРО КЕНИ ‒ Европадагы хромдун ири кени. Карелияда, Пудож шаарынан 40 км түндүк тарапта жайгашкан. 1984-жылы ачылган; 2007-жылдан өнөр жайлык деӊгээлде казылып алынат. Чалгындалган запасы 8 млн т (Cr2O3 орточо өлчөмү 22‒23%). Магма ‒ стратиформ геологиялык-өнөр жайлык типтеги кен. Кен алгачкы протерозойдун Бураков ‒ Аганозеро базит-ультрабазиттүү катмарланган массивинин түндүк-чыгыш блогунда топтолгон. Долбоор боюнча Аганозеро тоо-кен-байытуу комбинаты жылына 1200 миӊ тга чейин кен сырьёсун казып алмакчы.