АВТОХТОН

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:32, 15 Сентябрь (Аяк оона) 2023 карата Adina (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АВТОХТОН (гр. autochton ‒ жергиликтүү) ‒ 1) алгачкы пайда болгон жеринде бастырылып калган материалдардан турган тоо тектер жана кендер. Терминди 1883-жылы К. В. фон Гюмбель көмүргө колдонгон (мисалы, өсүмдүктөр өскөн ордунда таш көмүргө айланышы); 2) автохтондуу структуралар (автохтон) ‒ тектоникалык бузулуулардан кийин өз ордунда калган бүктөлүү түзүлүштөрүнүн бир бөлүгү. Автохтондун тескери мааниси аллохтон .