АВАЧА ЖАНАР ТООСУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
08:09, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АВАЧА ЖАНАР ТООСУ – Камчатканын түштүк-чыгышындагы аракеттеги жанар тоо. Бийиктиги 2741 м. «Жанар тоодогу жанар тоо» тибине кирет. Андезиттүү жана базальттуу лава, туф жана шлактан турат. Көп жолу атылган (акыркы жолу 1945-ж.). Капталдарында ташка өсчү кайың токою, жапалак бал карагай кездешет. Ага жакын жерде вулканология илимий станциясы иштейт.