АБРАЗИЯ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:36, 11 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АБРАЗИЯ (лат. abrasio – кыруу, жышуу) – деңизде, көлдө жана ири суу сактагычтарда толкун менен шарпылдактын таасиринен жээктердин жемирилип бузулушу. Абразиянын тездиги толкундун

Ж-Жар (клиф); АТ - Абразиялык тектир; АК - Аккумуляциялык кашат; СД - Суу деңгэзли.

күчүнө, жээктеги тоо тектердин курамына байланыштуу. Абразиянын натыйжасында жээкте абразиялык (жемиринди) тектир менен жар (клиф) түзүлөт. Айрым учурда жээк жемирилип отуруп кашаты тегизделип, жайык формага өтөт. Тоо тектердин абразиядан пайда болгон кесек сыныктары, кум, чопо ж. б. толкун менен шиленип, суу түбүндөгү абразиялык жантаймалардын этегине чогулуп, аккумуляциялык кашатты пайда кылат.