АВТОМАТТАШТЫРЫЛГАН ЖУМУШ ОРУН (АЖО

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
08:16, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АВТОМАТТАШТЫРЫЛГАН ЖУМУШ ОРУН (АЖО) (Workstation-Автоматизированное рабочее место). АЖО – бул автоматташтырылган жумуш орун, ал компьютер негизинде түзүлөт жана тиешелүү жабдуулар менен програмдык жабдыктарды камтыйт. АЖО башкаруучу кызматкердин профессионалдык милдеттерин аткаруу үчүн керек болгон маалыматтык ресурстар, програмдык-техниктик жана уюштурууу технологиялык жеке же туташтырылган коллективдик колдонуу каражаттарынын комплексин билгизет. АЖОнун жардамы менен кызматкер текстти иштетет, кабар алат жана жиберет, кеңешмелерге катышат, документтердин өздүк архивин уюштурат, алып жүрөт, эсептөөлөрдү аткарат жана жыйынтыгын жадыбал же график түрүндө алат. Административдик башкаруучунун, конструктор же долбоорлоочунун, архитектордун, бухгалтер ж.б. АЖОлору кеңири белгилүү.


АВТОМАТТАШТЫРЫЛГАН ЖУМУШ ОРУН (АЖО.jpg