АВТОКАР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:55, 11 Август (Баш оона) 2023 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) (Temirkan moved page АВТОК АР to АВТОКАР) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АВТОКАР (авто жана англ. саr ‒ кол араба), а в т о а р а б а ‒ жүк салынуучу секичелүү (платформалуу) кыймылдаткычы бар өзү жүрмө араба. 5 тга чейинки майда жүктү кыска аралыкка 20 км/с ылдамдык менен ташууга арналган. Сактоочу жайда (склад) жүктү жүктөп-түшүрүү жумуштарын механизациялаштыруу үчүн жана завод аймагында, транспорт, темир жол тармагында, портто, ири кампаларда ж. б. пайдаланылат. Кыймылдаткычы катары ичинен күймө кыймылдаткыч колдонулат. Ал айрым учурда көтөрүүчү секичелер, жүктөгүчтөр ж. б. менен жабдылышы мүмкүн. 1960-жылдардан баштап электркар деп аталган аккумулятор батареясы аркылуу кыймылга келүүчү Автокар колдонула баштаган.