АВУАРЛАР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:44, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span>, ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span>) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

(фр. avoir ‒ мүлк, актив) ‒ 1) банктын чет өлкөлүк банктардын эсебиндеги чет өлкөлүк валютадагы каражаттары (анын кассасы, башка банктардагы эсептер, өтүмдүү баалуу кагаздар, векселдер ж. б.); 2) төлөм документтери (кагаздары) аркылуу жөнөтүүчү, төлөнүп берилүүчү акчанын ар кандай түрү, акча каражаты, баалуу кагаздар (колдогу накталай акча, накталай эмес акча, чектер, векселдер, аккредитивдер). Бул каражаттардын кайсы бир өлкөгө тиешелүү суммасы анын чет өлкөлүк А-ын түзөт да, анын эсебинен төлөмдөр төлөнөт жана милдеттенмелер жабылат, өлкөлөр ортосун да төлөм жүгүртүлөт. Дүйнөлүк чарбада жүгүртүүнүн көп бөлүгү АКШ доллары менен евро түрүндө жүргүзүлгөндүктөн, А. ушул валютада кеӊири колдонулат.