АВИНЬОНДОГУ ДРАМА ИСКУССТВОСУНУН ФЕСТИВАЛДАРЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
08:11, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АВИНЬОНДОГУ ДРАМА ИСКУССТВОСУНУН ФЕСТИВАЛДАРЫ – Авиньон шаарында (Франция) өтүүчү театр фестивалдары. 1-фестивалды 1947-жылы Ж. Вилар уюштурган. Спектаклдер ачык асман астында көшөгөсүз, жасалгасыз өткөрүлгөн. Авиньондогу фестивалга ар кандай мамлекеттердин театр коллективдери катыша алат.