АБОЛИН

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:29, 11 Март (Жалган куран) 2024 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АБОЛИН Роберт Иванович (18. 5.1886, Рига – 17. 12. 1942, Чыгыш Сибирь) – орус энциклопедиячысы, топурак таануу жана физикалык география боюнча ири адис. Биология жана айыл чарба илимдеринин доктору (1934), профессор (1930). Петербург токой чарба институтун бүтүргөн (1913). Илимий ишин 1908-жылы баштаган. 1915-жылдан Түштүк Казакстандын чөлдөрүн, Кыргызстандын бийик тоолуу жайыттарын, Орто Азиянын геоботаникасын, топурагын, айыл чарбасын, агроклиматын жана физикалык географиясын изилдеген. 1930–37-жылдары СССРдеги чөлдөрдү изилдөөнү башкарган. Орто Азияда, Казакстанда, Дагестанда ж. б. жерлерде эксперименттик жана комплекстүү стационардык изилдөөлөрдү уюштурган. Орто Азия менен Казакстанды табигый жактан райондоштуруп, алардын табигый-чарбалык аймактарын ажыраткан.
Эмг.: Основы естественно-исторического районирования Советской Средней Азии. Таш., 1929; От пустынных степей Прибалхашья до снежных вершин Хантенгри. Л., 1930.