АБУЛХАЙР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:26, 11 Август (Баш оона) 2023 карата Adina (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АБУЛХАЙР [(туурасы Абу-л-Хайр хан (1412– 68)] — өзбек хандыгынын ханы (1428–68). Жучунун урпагы, Шейбанинин кичүү баласы Дөөлөт Шайыктын уулу. 15-кылымдын 1-жарымында Чыгыш Дашт-и Кыпчактын аймагындагы ич ара согуштардан кийин 1428–29-ж. Тура облусунун (Батыш Сибирь) Жайтар-Жалкын конушунда көпчүлүк уруулардын башкаруучу төбөлдөрүнүн колдоосу менен 17 жашында хан жарыяланып бийликке келген. 15-кылымдын 40-жылдарынан гана ал мурдагы Ордо Ежендин улусу болгон талаалуу аймактардан тартып, Иртыш жана түндүк-батыш Балхаш бойлоруна чейинки чөлкөмдөрдү баш ийдирүү менен ээликтерин кеңейткен. Абулхайр тышкы саясатында төмөнкү Сыр-Дарыянын жана Арал бойлорундагы кышкы жайыттарды ээлеп, андан ары Түркстандын шаарларына чыгуу менен өз мамлекетин чыңдоону көздөгөн. 1431-жылы ал Тука-Тимурдун урпактарынын улусуна кирген Сыр-Дарыянын төмөнкү агымын жана Арал бойлорун каратып алган. Талаа аймактарында бийлигин бекемдегенден кийин Абулхайр көчмөн төбөлдөрдүн колдоосуна таянып, түштүк аймактарга жортуул жасай баштаган. 1430-жылы ал кыска мөөнөт Хорезмди ээлеп, Үргөнчтү талоонго алган. 1446-жылы Улугбектин Мавераннахрдын түштүгүнө жана Хорасанга кеткендигинен пайдаланып, Самарканд, Бухара шаарларына жүрүш жасаган. Андан кийин Сыр-Дарыянын ортоңку агымындагы шаарларды баш ийдирип, аларды эмирлерине жана султандарына башкарууга бөлүп берген. Сыгнакты өзүнүн борбор калаасына айландырган. Ушундан кийин көчмөн өзбектердин чектери Моголстан менен түздөн-түз жакындашып калган жана чек аралаш райондорго алардын кол салуу коркунучу туулган. Абулхайрдын Моголстанга жасаган жортуулдарынын бири 1451-жылы 22-апрелде аяктаган. Сыр-Дарыя шаарын басып алуудагы ийгиликтери жергиликтүү касташкан төбөлдөрдүн Абулхайр менен мамиле түзүшүнө алып келген. Ал тимуриддердин бири Абу Саиддин Самарканддагы бийликти басып алышына көмөк көргөзгөн. Аталган аймактарда анын ээлик кылышы Шейбани менен Ордо улусунун ортосундагы касташууларды тереңдеткен, тагыраак айтканда, Сыр-Дарыянын бойлорунда жана Кара-Тоо аймактарында көчүп-конгон Жаныбек менен Гирейдин кызыкчылыгына анын жүргүзгөн саясаты карама-каршы келген. 1457-жылы Абулхайр Көк-Кашандагы (Сыгнактан 5–8 км түштүк-чыгышта) ойроттор менен салгылашууда катуу жеңилүүгө учурап, Сыгнакка бекинген. Ал ойроттордун башчысы Уз-Тимур тайши менен кемсинткен келишим түзүүгө барган жана Дашт-и Кыпчакка көчүп кетүүгө аргасыз болгон. Андан кийин эле Ак Ордо улусунун башкаруучусу Урусхандын урпактары Жаныбек жана Гирей Абулхайр менен келише албай Моголстандын чектерине көчүп кетишкен. 1468-жылы Абулхайр хан Гирейди жана Жаныбекти чаап, Моголстандын жерлерин каратуу, ошондой эле ойроттордон өч алуу максатында калмактардын жана кыргыздардын журтун карай жортуулга аттанган. Махмуд ибн Валинин маалыматтары боюнча анын аскерлери Кара-Тоо, Талас өрөөнү, Чүй (Алатака, Йайлак, Кызылнадир жана Жетикудук) аркылуу жүрүп, андан ары Жети-Суунун түндүк-чыгышына жеткен. Абулхайр кыргыз конуштары аркылуу калмактардын журтуна жетүүнү максат кылган. Бирок Ак-Кыштак (болжолу Алматыга жакын) деген жерге жеткенде Абулхайр каза болгон жана анын күчтөрү артка кайткан. Абулхайрдын жортуулуна байланышкан бул окуялар 15-кылымдын орто чендеринде кыргыздардын Чыгыш Тянь-Шанда жашагандыгын ырастайт. Бул маалыматтарга караганда кыргыздар 15-кылымдын ортосунда Чыгыш Теңир-Тоонун аймактарында, тагыраак айтканда Беш-Балык жана Алмалык шаарынын аралыгында жайгашып, кез-кезде алардын жерлери калмактардын колуна өтүп турган. Көчмөн өзбектердин мамлекетине кирген түрк-монгол уруулары кийинчерээк өзбек жана казак элдеринин этникалык калыптанышында маанилүү роль ойногон. Абулхайрдын небереси Шейбани хан 16-кылымдын башталышында Мавераннахрды башкарып турган тимуриддерден (Султан Бабурдан) бийликти тартып алган жана ушул мезгилден Орто Азияда көчмөн өзбектердин бийлиги орногон.
Ад.: Бортольд В. В. Абулхайр, соч., т. 2, часть 2, М., 1964; Ахмедов Б. А Государство кочевых узбеков. М., 1965.
Т. Асанов.