АБДЫЛДАЕВ Мукаш Юнусалиевич

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:05, 1 Август (Баш оона) 2023 карата Adina (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АБДЫЛДАЕВ Мукаш Юнусалиевич (1932-жылы туулган, Чүй облусу, Кемин району, Жол-Булак айылы)–техника илимдеринин доктору (1994), КРдин билим берүүгө эмгек сиңирген кызматкери (2000). КМУну (1952) жана Кабарда-Балкар (Нальчик ш.) мамлекеттик университетинин аспирантурасын бүтүргөн (1958). Улук илимий кызматкер, КММИде доцент, ФПИнин Оштогу филиалында декан, Фрунзе автожол техникумунун директору, ФПИнин доценти ж. б. кызматтарда иштеген. 1999-жылдан КМУда профессор. Эмгектери негизинен кысылбас суюктуктардын гидродинамикасын изилдөөгө арналган. 60тан ашуун илимий эмгектери, анын ичинде 3 монографиясы, 10 окуу-усулдук куралдары жарык көргөн.
Эмг.: Плоские задачи теории струй идеальной жидкости. Б., 1999.