АБДЫЛДАЕВ Абазбек

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:57, 1 Август (Баш оона) 2023 карата Adina (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АБДЫЛДАЕВ Абазбек (1943, Жалал-Абад облусу, Сузак району, Жалгыз-Жаңгак–2017, Бишкек) – медицина илимд. доктору (2010). КММИни бүтүргөн (1965). Эмгек жолун Жалал-Абад облустук паталогогистологиялык лабораторияда башчы болуп иштөө менен баштаган. Жалал-Абад балдар психоневрологиялык үй-интернатында директор. ЖАМУда морфол. дисциплиналар кафедрасынын башчысы. КРдин тейлөө сферасынын эмгек сиңирген кызматкери, КР Президентинин Ардак грамотасы менен сыйланган, Кыргыз Республикасынын илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты. Эмг.: Проблемы радиационной медицины Кыргызстана в условия глобального потепления: монография. – Б., 2009.–232 с. Клиникофункциональные особенности изменений в организме у жителей, проживающих вблизи урановых хвостохранлищ// Здоровье и болезнь.– Алматы, 2008. –№ 1.–С.45-48.