БАГЛАНОВА Роза

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:27, 11 Январь (Үчтүн айы) 2024 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

БАГЛАНОВА Роза (1. 1. 1922-жыл, Кызыл-Ордо облусу, Казалы шаары ‒ 8. 2. 2011-жыл, Алма-Ата шаары) ‒ опера (сопрано) жана эстрада ырчысы, Казак ССР эл артисти (1955), СССР эл артисти (1967). 1939‒1941-жылдары Кызыл-Ордо педагогикалык институтунда окуган. Өнөр жолун Ташкент филармониясынын ыр-бий ансамблинде ырчы болуп баштаган. Ошол ансамбль менен Улуу Ата Мекендик согуш жылдары фронттогу жоокерлерди эрдикке шыктандырган ырларын тартуулап, 1945-жылы 9-майда Берлиндеги жеӊиш концертине катышкан. 1947‒49-жылджарда Казак опера жана балет театрынын, 1949‒60-жылдарда Казак филармониясынын,1960-жылдан Казак концерттин ырчысы. Р. Багланова казактын элдик жана композиторлордун ырларын, чет элдик (венгр, өзбек, кыргыз, тажик, украин, грузин, азербайжан, корей, кытай, орус, индия, моӊгол ж. б.) ырларды, эстрадалык чыгармаларды чебер аткарган. Ал 1946-жылы Москвада өткөн Бүткүл союздук эстрада ырчыларынын 2-конкурсунун, 1949-жылы Бухарестте өткөн Бүткүл дүйнөлүк жаштар менен студенттердин фестивалынын лауреаты. Чет өлкөлөрдө (Польша, Германия, Бельгия, Венгрия, Австрия, Чехословакия ж. б.) гастролдо болгон. Композиторлор Э. Есбаев, Б. Байкадамов, Ш. Калдаяков, Б. Жамакаевдин ырларынын аткаруучусу. Ленин, Эмгек Кызыл Туу, Эл Достугу ордендери ж-а бир нече медалдар менен сыйланган.

БАГЛАНОВА105.png