АВТОХТОНДОР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:32, 27 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата Dilde (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АВТОХТОНДОР, а б о р и г е н д е р ‒ эволюция процессинде белгилүү бир жерде пайда болуп, азыркы мезгилде да ошол жерде жашап жаткан организмдер. Өрдөк тумшук ж-а эвкалипт Австралиянын, кумурскачылар, илээндилер, жапайы картошка Түн. Американын А-у болуп саналат. А. кандайдыр бир флоранын же фаунанын байыркы ордосу. Ал систематикалык ар кандай деӊгээлде каралат.