АХИЧЧХАТРА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:55, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АХИЧЧХАТРА – Панчала (тагыраагы Түндүк Панчаладагы элдик ”Махабхарата” эпикалык поэмасында баатыр катары көп эскерилет) мамлекетинин борбору. Индиядагы байыркы шаар. Сөзмө-сөз которгондогу мааниси жакалуу жылан дегенди түшүндүрөт. Негизинен панчалалыктардын арасында жылан жөнүндө таралган уламышка байланыштуу. Кытай кечили Сюань Цзян 7-кылымда Ахиччхатрага барып Ашоко падышанын көлдүн жээгине курган тектири жөнүндө эскерет. Бул тектирчеде Будда 7 күн бою жылан жөнүндө акыл-насаат айткан. Ахиччхатранын айланасындагы заманбап Рамнагара аймагында жүргүзүлгөн казуудан кийин (Дели шаарынан чыгышта) бул шаар биздин заманга чейин 2–3-кылымдарда гүлдөгөн аймак болгондугун айгинелейт. Ахиччхатрадан 1 миң жылдыкка таандык табылган искусство эстеликтери буддизм (вишнуизм) жана индуизм (шиваизм) менен байланыштуу.