АБДРАХИМОВ Талгат

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:28, 11 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АБДРАХИМОВ Талгат Кадырович (1915-1967) геолог, СССР мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1953). Казан мамлекеттик университетин бүтүргөн (1939). Кыргыз ССР геология башкармасында, Каменский геология экспедициясында (1946), Казак ССР геология министрлигинде (1965) геологиялык чалгындоо партияларынын начальниги болуп иштеген. Кыргызстандагы уран кендеринин бирин ачкандардан. Ленин ордени жана медалдар менен сыйланган.