АУЭЗОВ Мухтар Омарханович

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:52, 28 Декабрь (Бештин айы) 2023 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АУЭЗОВ Мухтар Омарханович [16 (28). 9. 1897-жыл, Казакстан, Семей облусу, Абай району, Аркат айылы ‒ 27. 6. 1961-жыл, Москва шаары, сөөгү Казакстан, Алматы шаарына коюлган] ‒ казак жазуучусу, илимпоз, коомдук ишмер, Казакстан Илимдер академиясынын академиги (1946), филология илимдеринин доктору, профессор (1946). Семейдеги мугалимдер семинариясын (1919), 1923‒1928-жылдары Ташкент шаарындагы Орто Азия мамлекеттик университетинин, Ленинград университетинин филология факультеттерин бүтүргөн. 1928‒1930-жылдары Орто Азия университетинин аспирантурасында окуган. Туӊгуч чыгармасы ‒

АУЭЗОВ45.png

«Эӊлик-Кебекти» 1917-жылы жазган. Пьесада феодалдык-уруучулук түзүлүштүн курманы болгон эки жаштын трагедиялуу махабаты баяндалган. Айрым идеялык-көркөмдүк кемчиликтерине карабастан, «Эӊлик-Кебек» автордун чыныгы талант ээси экендигин айгинелеген. «Коргоосуз калгандардын тагдыры» (1921), «Ким айыптуу?» (1923), «Каралуу сулуу» (1937) сыяктуу 20дан ашуун пьесалары жарыяланган. Алгачкы эле аӊгеме, повесттеринен анын орус жана европа адабияты менен казак элинин көркөм адабий салттарын айкалыштыра билгени, бийик жазуучулук маданият, социалдык баамчылдык, эпикалык чабыты таасын көрүнгөн. М. Ауэзов көркөм чыгармачылык менен бирге, илимий майданда белсенип иштеп, казак жана боордош элдердин адабиятынын маанилүү маселелери боюнча бир нече илимий сын макала жазган. Орус жана дүйнөлүк классиктердин (У. Шекспир, А. С. Пушкин, И. А. Тургенев, Н. В. Гоголь, М. П. Погодин) чыгармаларын казак тилине которгон. Л.Соболев менен бирге «Абай» аттуу трагедиясын жазган (1940). Бул тарыхый чыгармада Абайдын өмүрүнүн соӊку жылдарына кайрылып, улуу акындын трагедиялуу тагдырын көрсөтөт. М. Ауэзовдун талантынын гүлдөгөн мезгили «Абай жолу» роман-эпопеясын жараткан жылдарга туш келет. Романдын 1‒2-китеби (1942‒1947) СССР мамлекеттик сыйлыгына (1949), 3‒4-китептери (1950‒1956) Лениндик сыйлыкка (1959) арзыган. Бул роман-эпопеяда улуу акын Абай Кунанбаевдин татаал өмүр жолу казак элинин Октябрь революциясына чейинки коомдун турмушунун социалдык-саясий жана нравалык конфликттери аркылуу элдин аӊ-сезиминде болгон өзгөрүү процесстери менен тыгыз байланышта сүрөттөлөт. Бул романды жаратууда М. Ауэзов көп изденет. Абай Кунанбаевдин достору, бала-бакырасы, небере-чөбөрөлөрү менен аӊгемелешүүгө туура келет. Абайдын байбичеси Дилде (өтө карып калгандыгына карабастан), ошондой эле сүйгөн жары Айгерим көп маалымат беришкен. Өз чоӊ атасы ‒ Ауэздин досу Абай тууралуу айтып бергендери, Абай жөнүндө «Абай жолу» тарыхый роман-эпопеясы Ч. Айтматовдун сөзү менен айтканда «биздин көркөм жана социалдык энциклопедиябыз», жалпы «мандатыбыз». Ал 250 томдук «Дүйнөлүк адабият китепканасында» орун алган. Чыгарма идеялык-эстетикалык күчү жагынан улуу классиктерге мүнөздүү чеберчилик менен жазылган. Романда классикалык образдардын бүтүндөй бир галереясы түзүлгөн. 30дан ашуун дүйнө тилдерине которулган. М.Ауэзов өмүрүнүн акыркы жылдарында адабияттын башка жанрларында да жемиштүү эмгектенген. «Алтын шакек», «Асыл насилдер», «Майдан», «Акын элинде», «Түштүк очерктери», «Индия очерктери», «Америка таасирлери» жана башка очерк, аӊгемелерин жараткан. «Ак кайыӊ» (А. Тажибаев менен бирге), «Бекет» (1939), «Сыноо сааты» (1942), «Каракыпчак Кабыланды» (1942‒1944) пьесаларын жазган. Анын адамдардын эмгегин, күрөшүн, жаӊы рухий дүйнөсүн, улуттар арасындагы достук мамилелерди кеӊири көрсөтүүнү максат кылган жаӊы эпопеясынын 1-китеби ‒ «Өскөн өркөн» романы өзү дүйнөдөн кайткандан кийин (1962) жарыкка чыккан. Ал дүйнөлүк көркөм процесс менен жеткиликтүү тааныштыгы бар ири илимпоздордун бири болгон. М. Ауэзов орто кылымдагы Күн чыгыш классикасы, казак фольклору жана профессионал адабияты, 19-кылымдагы орус классикасы, Батыш адабияты, көркөм котормо маселелери боюнча өзүнүн баалуу ойлорун ортого салып келген. Анын илимий изилдөөлөрү, сын макалалары «Ар жылкы ойлор» (1959) китебине кирген. М. Ауэзов кыргыз адабиятынын тагдыры үчүн дайыма кам көрүп, кыргыз жазуучуларына өрнөк көрсөтүп келген. Улуу «Манас» эпосун изилдөөгө арналган эмгеги бүткүл союздук илимпоздор чөйрөсүнө кеӊири белгилүү. Ошондой эле «Караш-караш окуясы» повести, аӊгемелери жана илимий эмгектери кыргыз тилинде жарык көргөн. Ал Ленин ордени жана бир нече медалдар менен сыйланган.
Чыг.: Ауэзов М. Чыгармалары, 12 томдук, 1‒12 т. А.-А.; 1967‒69; Абай. Тарыхый роман, 1‒2-китеп. Ф., 1955, 1957; Караш-караш. Аӊгемелер жыйнагы. Ф., 1969; Кыргызский героический эпос «Манас». М., 1961. Ад.: Ахметов З. Роман-эпопея Мухтара Ауэзова. А., 1996; М. Ауэзов ‒ ХХ кылымдын улуу жазуучусу жана гуманисти. А., 1997; Садыков А. Борбордук Азия өлкөлөрүнүн адабияты. Б., 2001; Мухтар Ауэзов жана кыргыз залкар жазуучулары. Б., 2005.

А. Садыков.