АТАНТАЙ ЖООМАРТ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:46, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АТАНТАЙ ЖООМАРТ, Х а т а м т а й ‒ көбүнчө чыгыш элдеринин фольклорунда кезиккен фольклордук каарман. Кыргыздарга «Миӊ бир түн» жомогу аркылуу өтүп, анын аты да, окуялары да эл арасында төл чыгарма катарында сиӊип кеткен деген пикирлер бар. Кандай болгондо да кыргыз эли бул каарманды өз көз карашына, түшүнүгүнө жараша жан дүйнөсүн, адамдык касиет-сапатын кайрадан жаратып, анын атын, кулк-мүнөзүн карапайым адамдардын турмушуна жакындаштырган. Натыйжада малга жарды, бирок пейили кенен, бей-бечарага, жетим-жесирге кайрымдуу, март, ак көӊүл Атантай Жоомарттын образы кылымдар бою айкөлдүктүн, берешендиктин үлгүсү болгон.