АСПАПТАШТЫРУУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
00:36, 20 Февраль (Бирдин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
(инструментовка) ‒ муз. чыгарманы оркестрдин (симф., үйлөмө, эл аспаптары ж. б.), аспаптык топтун, түрдүү камералык ансамблдердин аспаптары үчүн жазуу. А. композиторлор тарабынан оркестрдеги (квартет, трио) аспаптардын өзгөчөлүгүн эске алуу м-н муз. чыгармалардын идеялык-эмоциялуу мазмунун таасирдүү чагылдыруу максатында пайдаланылат. 17‒18-к-да өнүккөн. Башка аткаруучу состав үчүн жазылган чыгармаларды оркестрге салуу көп учурда оркестрлештирүү деп аталат. А-га К. Орозов атн. эл аспаптар оркестрине түшүрүлгөн М. Огинскийдин «Полонези», Ф. Листтин «Венгр рапсодиясы» мисал. А. муз. окуу жайларда ж-а консерваторияларда программа б-ча окутулат.