АДАБИЙ БАЙЛАНЫШТАР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
08:23, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АДАБИЙ БАЙЛАНЫШТАР ‒ адабий процесстин өзгөчө белгиси; бир элдин же жазуучунун чыгармачылыгынын, бүтүндөй бир доордун адабиятынын башка доордун, элдин же жеке автордун чыгармачылыгы менен өз ара байланышы, бири-бири менен болгон алака-катышы. Азыркы учурда улуттук адабияттардын өз ара байланышы көп улуттуу адабияттын тынымсыз өсүп-өнүгүүсүнүн негизги факторлорунан болуп саналат. Бир элдин адабиятында мезгил талабына жооп берерлик поэтикалык ар кандай кубулуштардын, улуттук салттардын чагылышы экинчи бир элдин адабиятынын көркөм байлыгынан учурайт. Бирок булар башка адабияттын кыртышында өзүнүн баштапкы абалында болбостон, анын ички өсүп-өнүгүү мыйзамдарына, улуттук өзгөчөлүктөрүнө жараша өзгөчө формада көрүнөт. Адабий байланыш улуттук адабияттардын тынымсыз өз ара тыгыз байланышынын, биримдигинин ачык далили болуп эсептелет. Мезгилдин өзгөрүшү, турмуш шарттарынын тынымсыз алга жылышы, тектеш элдердин адабияты менен адабий өз ара байланыш процесси мурдагыга караганда жандуу, ургалдуу, өтө эле татаалдашкан түрдө болот. Азыркы дүйнө адабиятчыларынын байланышы, Ч. Айтматовдун Борбордук Азия адабиятына тийгизген таасири, кыргыз фольклору менен орус оозеки чыгармачылыгындагы байланыштар: идеялык жакындыктар, сүрөттөө ыкмалары, образ түзүүдөгү жана башка жалпылыктар, тууроолор буга мисал. Адабий байланыштарды изилдөө адабий процессти жана жеке жазуучунун чыгармачылыгын туура түшүнүүгө, искусствонун жалпылыгын жана өзгөчөлүгүн билүүгө жардам берет.