АБАКИРОВ Эмилбек

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:47, 27 Июль (Теке) 2023 карата Adina (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АБАКИРОВ Эмилбек (18. 3. 1929, азыркы Нарын областы, Кочкор району, Ак-Кудук айылы – 22. 1. 2022, Бишкек) – коомдук жанa мамлекеттик ишмер, советтик профсоюз кыймылынын ишмери. СССР эл депутаты (1989—91). Фрунзе кооперативдик техникумун (1949), КМУну (1953) бүтүргөн. 1946–49-жылдары Чүй районундагы «Шамшы» совхозунда жумушчу, Кара-Дөбө айылдык керек-жарак коомунда эсепчи, 1953–58-жылдарда Ош педагогикалык институтунда окутуучу, улук окутуучу, комсомол комитетинин секретары, 1955–59-жылдарда комсомолдун Ош обкомунун секретары, 1959–60-жылдарда Ош педагогикалык институтунда улук окутуучу, 1960–70-жылдары Кыргызстан КП Ош обкомунун инструктору, бөлүм башчынын орун басары, бөлүм башчы, 1970–71-жылдары Кыргызстан КП Ош шааркомунун 1-секретары, 1971–73-жылдары Кыргызстан КП БКнын уюштуруу-партиялык бөлүмүнүн башчысынын 1-орун басары,1973–95-жылдары Кыргызстан профсоюздар советинин төрагасы,

АБАКИРОВ13.png

1995–98-жылдары Борбордук Азия, Азербайжан жанa Түркия Республикаларынын Профсоюздук борборунун Консультациялык кеңешинин башкы катчысы, 1995–2007-жылдары «Достук» мейманканасы АКнын Башкы директорунун орун басары, 2007-жылдан Башкы директордун кеңешчиси. Октябрь Революциясы, эки Эмгек Кызыл Туу, 3-даражадагы «Манас» ордендери жана КРдин Ардак грамотасы менен сыйланган.