АБАЗИНДЕР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:05, 29 -ноябрь (Жетинин айы) 2023 карата Adina (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АБАЗИНДЕР (өздөрүн абаза деп аташат) – Кавказдын жергиликтүү калкы. Карачай-Черкес Республикасында, Россияда, Чыгыш Адыгэде, ошондой эле Түркия, Сирия, Иордания, Ливан мамлекеттеринде жашашат. Жалпы саны 150 миңге жакын (2010). Абазин тилинде сүйлөшөт. 14–17-кылымдарда Кара деңиздин түндүк жээгиндеги Туапсе жанa Бзыбь дарыяларынын аралыгында, кийинчерээк түндүк Кавказда адыгэлер менен коңшу жашагандыгы белгилүү. Абазиндерге адыгэлердин жанa абхаздардын таасири абдан зор болуп, алардын чарбачылыгы, турмушу, маданияты жагынан бир топ окшоштуктар бар. Дини - мусулман-сунниттер. Мал чарбачылык, дыйканчылык менен кесип кылышат. Тамак-ашы негизинен сүт, эт азыктары. Улуттук тамагы – татымалдар кошулган тooк эти жанa таруу бозо.