АВТОХТОН

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
13:57, 15 Июнь (Кулжа) 2022 карата Dilde (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
 (гр. autochton ‒ жергиликтүү) ‒ 1) алгачкы пайда болгон жеринде басырылып калган материалдардан турган тоо тектер ж-а кендер. Терминди 1883-ж. К. В. фон Гюмбель көмүргө колдонгон (мис., өсүмдүктөр өскөн ордунда таш көмүргө айланышы); 2) автохтондуу структуралар (автохтон) ‒ тектон. бузулуулардан кийин өз ордунда калган бүктөлүү түзүлүштөрүнүн бир бөлүгү. А-дун тескери мааниси аллохтон .