АКРАМОВА Наринэ Шавкатовна

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
13:37, 19 Март (Жалган куран) 2024 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АКРАМОВА Наринэ Шавкатовна (1942‑жылы туулган, Бишкек (мурунку Фрунзе) шаары) – опера ырчысы (меццо‑сопрано), Кыргыз Республикасынын эл артисти (1993). М. Күрөңкөев атындагы Кыр­гыз мамлекеттик музыкалык-хореографиялык окуу жайын бүтүргөн, кийин Өзбекстандын Ташкент мамлекеттик консервато­риясында окуган. Кыргыз мамлекеттик опера жана ба­лет театрынын солисти. 35 жылдын ичинде Дж. Бизенин «Кармен» операсынан Кармендин, «Дон Кар­лостон» Эболинин, П. Чайковскийдин «Евгений Онегининен» Ольганын, «Карганын маткесинен» Полина менен Графинянын, «Черевичкиден» Со­лоханын, А. Бородиндин «Князь Игорунан» Кончакованын, В.Власов, А. Малдыбаев, В. Ференин «Айчүрөгүнөн» Чачыкей­дин, М. Раухвергердин «Кө­күлүнөн» Бурманын, А. Пет­ровдун «Пётр 1нен» Екате­ринанын жана башка партиялар­ды аткарган. Көз карандысыз мамлекеттер шериктештиги өлкөлө­рүнүн борбор шаарларында, Тунисте, Полыпада, Венг­рияда гастролдо болгон.

АКРАМОВА53.png