АЙМАНБЕТОВ Миңбай

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:49, 6 Сентябрь (Аяк оона) 2023 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЙМАНБЕТОВ Миңбай (1930, Нарын облусу, Коч­кор району, Ак‑Жар кыштагы– 1997, Бишкек) – медицина илимдеринин доктору (1971), профессор (1972). Кыргыз ССРинин илим жана техника боюнча мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1984), КРдин эмгек сиңирген врачы (1995). КММИни (1954), аспирантурасын (1957) бүтүргөн, ошол эле жерде ассистент (1957‑66), улук илимий кызматкер (1966‑68), доцент (1968‑72) болуп иштеген. Негизинен органдар менен ткандар­дын регенерация жана трансплантация пробле­маларын изилдеген.

Эмг.: Регенерация нервов. Ф., 1960; Трансплантация и регенерация органа. Ф., 1975; Проблемы эхинококкоза в Киргизии. Ф., 1989; Биологическая несовместимость при гемотрансплантации периферического нерва. М., 1971.