АБДЫРАМАНОВ Шабданбай

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:17, 13 Июль (Теке) 2023 карата Lera (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АБДЫРАМАНОВ Шабданбай (24. 12. 1930-жыл, Жалал-Абад облусу, Сузак району, Кыз-Көл айылы – 4. 1. 1998-жыл, Бишкек шаары) – жазуучу, драматург, Кыргыз Эл жазуучусу (1995). 1948-жылы Жалал-Абад

АБДЫРАМАНОВ47.png

педагогикалык окуу жайын, 1950-жылы Жалал-Абад мугалимдер институтун, 1959-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин, 1964-жылы Москвадагы СССР Жазуучулар Союзунун алдындагы Жогорку адабий курсту бүтүргөн. 1950–1952-жылдары Кыз-Көл орто мектебинде мугалим, 1952–1959-жылдары директор, 1964–1966-жылдары Кыргызстан жазуучулар союзунун Ош облустук бөлүмүндө адабий кеңешчи, жооптуу секретарь, 1966-жылдан Ош областук «Ленин йули» гезитинде кабарчы болуп иштеген. Ш. Абдыраманов. чыгармачылыгын ыр жазуу менен баштап, 1960-жылы, негизинен кара сөз жана драматургия жанрында эмгектенген. Анын бир топ аңгемелери жанрдын мыкты туундусу катары бааланып, чет тилдерге которулган. 1968-жылы «Дыйкандар» романынын журналдык варианты чыккан. Чыгарма большевиктик сынга кабылып, автор бир нече жыл куугунтукталган. Айыл чарбасындагы терс көрүнүштөрдү көркөм образдар аркылуу таасын ачып берген бул чыгарма – жазуучунун роман жанрындагы ири ийгилиги. Большевиктик сындын талабына ылайык романдын оңдолуп, кеңейтилип жазылган 2-варианты 1977-жылы жана 1991-жылы жарыкка чыккан. «Май түнүндө» (1957) аттуу алгачкы ыр жыйнагы, «Өкүм» (1966), «Арстанбап аймагында» (1965), «Ак жүрөк адамдар» (1973) аттуу повесттери, «Гүлазык» (1975), «Тагдыр» (1971), «Жашыл аалам» (1982), «Токуучулар» (1985) романдары жана «Домоктун кылычы», «Токтогул», «Анжиян көтөрүлүшү», «Чыйбыл болуш», «Алымбек датка», «Полотхан» сыяктуу драмалык чыгармалары, тарыхый эсселери бар. Ш. Абдырамановдун публицист катары жаратылышты коргоо, айрыкча, түштүктүн жаңгак токойлорун сактап калуу жана аны туура пайдалануу тууралуу жазган макалалары журтчулуктун көңүлүндөгү көйгөйлүү маселелерди козгогон.