«АРАШАН»

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
12:03, 26 Июль (Теке) 2023 карата Adina (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

«АРАШАН» – ачык акционердик коом (2005). Кара-Буура районунун Кызыл-Адыр айылында жай­гашкан. Талас мамлекеттик сүт заводунун Киров айылындагы филиалы болуп негизделген. 1972-жылдан сүт, кефир жана сары май өндүрүлөт. 1976-жылы завод реконструкцияланып, Венгер Эл Республикасынын сүттү кайра иштетүүчү жабдуулары орнотулган.